• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Учурда 166 миң 732 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берилди – Асрандиев

Коом 0


Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Учурда 166 миң 732 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн чечими менен матрезерв линиясы боюнча 5 миң 370 тонна унду аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу чечими кабыл алынган. “Бүгүнкү күндө ошол аталган көлөмдүн 4 миң 235 тоннасы таратылып берилди. Бул иш улантылууда”, - деди ал.

“Ошондой эле белгилүү болгондой Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында муктаждарга жардам көрсөтүү үчүн атайын депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке биздин ишкерлер жана жарандар каражаттарды которуп жатышат. Келип түшкөн каражаттардын саны бүгүнкү күндө 14,7 млн сомду түздү. Бул каражаттар азык-түлүк пакеттерге жумшалып жатат. Учурда 166 миң 732 үй-бүлө жардамды алды. Айта кетсек, биздин ишкерлер жалаң гана акчалай түрдө эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн продукцияларын чогултуп муктаж болгон жарандарга жардам берип жатышат”, - деп баса белгиледи Асрандиев.

Вице-премьер кошумчалагандай, коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ачылган эсепке 129 млн сом түштү. “Бүгүнкү күндө чечим кабыл алынып, анын 38 млн сому дарыгерлерге кошумча каражат катары төлөнүп берилүүдө. Учурдан пайдаланып демилге көтөргөн жарандарыбызга, ишкерлерге, ошондой эле биздин өнөктөштөргө, эл аралык уюмдарга, өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий