• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда бардык облустарда 257 мобилдик бригада иштеп жатат – Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Учурда бардык облустарда 257 мобилдик бригада иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абалга карбастан ар бир облуста мобилдик бригада иштөөдө. "Азыр бардык облустарда 257 мобилдик бригада иштеп жатат. Мобилдик бригадада үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери жана эпидемиологдор бар. Алар үй карантининде болгон жарандарды текшерип турат. Эгер кандайдыр бир оорунун белгилери байкалса дарыгерлер бейтапты стационарга жаткырат", - дейт Мамбетов.

Мамбетов кошумчалагандай, үй карантинде болгондор кошуна-колоңдор менен байланышты токтотуш керек.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий