• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учурда Бишкекте болжол менен 50 вебкам студия бар – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Учурда Бишкекте болжол менен 50 вебкам студия бар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Азамат Жаналиев Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, учурда бизнестин аталган түрү Бишкекте жайылган жана болжол менен 50 студия бар.

"Тилекке каршы бизде мындай “кызмат көрсөтүүлөрдүн” катышуучуларын жазалай турган кодекс жок. Көмүскө жайларды уюштуруу үчүн кылмыштык жоопкерчилик бар. Биз вебкам-студияларда көбүнчө жашы жете элек кыздар иштей турганын байкадык”, - деди Азамат Жаналиев.

“Мындай хан сарайларды табуу кыйын. Себеби, аларда камера жана домофондор бар. Аларга ким келгенин көрүп турушат”, - деп билдирди ИИМдин өкүлү.

Мектеп психологу Асел Сүйүмбаева билдиргендей, вебкам-студияларда иштегени үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек. Эмне үчүн жашы жете электер бул иш менен алектенет деген суроо пайда болот.

“Эгерде кыз бул иш менен алектене баштаса, кийинки кадамы сойкулук болот. Биз бул тема алар үчүн кызыксыз болуп кала тургандай кылышыбыз керек”, - деди Сүйүмбаева.

Пикир

Оставить комментарий