• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эсеби 178,9 миң кишини түзөт

Коом 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 21 – июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине мүчө болгон депутаттар Аида Исмаилова менен Евгения Строкова Норвегия Королдугунун экс – премьер – министри, учурдагы Мадрид клубунун өкүлү Кьелл Магие Бондевик мырза баштаган делегация менен жолугушту.

Иш чарада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү маселеси, инклюзивдүү демократияны өнүктүрүү жагдайлары талкууланды.

Ушул 2018-жылдын 1 – январына карата алынган маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында 178,9 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт. Бул жалпы калктын 3%ын түзөт. Бирок, алардын 111,4 миңи гана Социалдык фонд аркылуу пенсия алышат. Булардын 29, 9 миңи жаш балдар болуп саналат. Мындай маалыматтар менен депутат Е.Строкова тааныштырды.

Ошондой эле депутат, - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап, дайыма алардын жанында кам көргөн энелерге каржылык жактан колдоо көрсөтүү багытында жасалып жаткан аракеттер тууралуу да айтып берди. Учурда мындай каржылык колдоого муктаж болгон 6 миңдей бала бар, - дейт эл өкүлү.

Норвегия Королдугунун экс – прмьер – министри, учурдагы Мадрид клубунун өкүлү Кьелл Магие Бондевик өз сөзүндө, - мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча бир катар мамлекеттер менен иштешип жаткандыгын маалымдап, анын арасында Кыргызстан да бар, - дейт. Ошондой эле ал инклюзивдик демократияны өнүктүрүү багытында иштелип чыккан жол картасы менен дагы тааныштырды.

КР Эмгек кодесинин талаптарына ылайык, 20дан ашык адистери бар ишкана, мекемелердегилердин 5%ы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каралсын, - деген квота иштейт. Ошондой эле аталган категориядагыларга толук эмес жумуш күнүндө иштөөгө да уруксаат берилген.

2017 – жылы мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө жалпысынан республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 690 иш орундары каралган. Бул багыттагы региондордун көрсөтүчтөрү да жаман эмес.

Жолугушууда депутат Аида Исмаилова жумуш орундарын түзүп, өз инфрастуктурасын калыпка салып алган КР дүлөйлөр жана азиздер коомунун иши тууралуу айтып берип, негизинен аларга мамлекеттик сатып алуулар алкагында тиешелүү буюртмалар берилерин билдирди. Андан тышкары, сот айымдар уюштурган тегерек стол жыйындарына катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык колдоо көрсөтүү темасынын кызуу талкуулангандыгын да кошумчалады.

Ушул үстүбүздөгү жылдын башталышына карата калкты ишке жайгаштыруу боюнча райондук жана шаардык бөлүмдөрдө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 404ү катталган. Алардын 203ү кыз – келиндер болуп саналышат.

Пикир

Оставить комментарий