• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Учурда экономиканын ар кандай секторлорунда МЖӨнүн 17 долбоору ишке ашыруу стадиясында турат

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун даярдоо процессиндеги жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрүн кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыккан жана жактырган (учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат). Ушул Мыйзамды кабыл алуу долбоорлорду демилгелөө, ишке ашыруу процессин тездетүүгө жана жалпысынан МЖӨ механизмин өнүктүрүүгө жардам берет.

2018-жылдын 24-сентябрында МЖӨ боюнча кеңештин жыйынында МЖӨ борборун түзүү жөнүндө сунуш жактырылды, анын максаты жалпы улуттук жана муниципалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду колдоо жана өнүгүшүн тездетүү, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар кандай инструменттерин пайдалануу аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кызматтарынын сапатын жогорулатуу болуп саналат.

МЖӨ Борборун түзүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоору иштелип чыкты.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо, шаардык инфраструктура, спорт жана туризм, транспорт, бажы логистикасы жана маданият сыяктуу экономиканын ар кандай секторлорунда МЖӨнүн 17 долбоору ишке ашыруу стадиясында турат.

2018-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы суммасы 12 млн АКШ долларына долбоорлорду ишке ашыруу башталды, анын ичинде:

- гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор – 10 млн евро;

- Бишкек шаарында «Кызыл-Кыргызстан» кинотеатрын модернизациялоо» долбоору – 500,0 миң АКШ доллары.

Мындан тышкары МЖӨ 4 долбоору боюнча МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунан каржылоо алуу үчүн зарыл документтер даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий