• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда кырдаалга жараша үч түрдүү уруксат кагазы берилүүдө - Жунушалиев

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө кырдаалга жараша көк, кызыл жана сары түстөгү күч түрдүү уруксат кагазы берилип жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

"Учурда үч уруксат кагазы бар. Биринчи көк түстөгү, ал күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилет. Экинчиси кызыл түстөгү уруксат кагазы менен саат 07:00дөн 20:00гө чейин жүрүүгө болот. Кызыл түстөгү кагаз ведомствонун кызматкерлерине жана ишкерлерге берилет. Акыркысы биздин жарандар үчүн сары түстөгү уруксат кагазы берилип жатат. Алар банкта жана башка жерде иштеп жаткандар", - дейт Жунушалиев.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур. 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий