• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат - президент

Президент 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуубуз зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, ал үчүн бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көӊүл буруп, катуу аракет жасашы керек.

«Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү бул баскычтан өтүү үчүн ондогон жылдарды коротушкан. Биз бул аралыкты кыска мөөнөттүн ичинде басып өтүшүбүз зарыл. Жайбаракат жүргөнгө бизде убакыт жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мамлекетти дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калтырган бир катар көйгөйлүү маселелер бар экенин айтып, алардын негизгилерин белгилей кетти.

Булар — маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо жагы начар. Анын үстүнө санариптештирүү боюнча стратегиялык документ жок. Эӊ кейиштүүсү — санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 млн. доллардан ашык каражат жумшалган. Дээрлик 3,5 млрд. сом. Ага карабастан жарандар жана ишкерлер сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет.

Мамлекеттик органдар эскирген жабдууларды жана эски системаларды сатып алууга каражаттарын коротуп жатат. Булардын баары моралдык жактан эскирип, мезгилдин талаптарына жооп бербейт.

Белгилей кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйында «Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда.

Пикир

Оставить комментарий