• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурда «Кыргызстандын сулуусу -2013» сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукеева Ысык –Көлдө даарыланууда, абалы оор

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Учурда «Кыргызстандын сулуусу -2013» сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукеева Ысык –Көлдө даарылануда, абалы оор. Бул тууралуу соцтармактарга Ассоль Молдокматова жазды.

Жибектин бир туугандары Мария менен Медина Нукеевалардын айтымында, көлдөгү таза аба анын ден соолугуна оң таасирин тийгизүүдө. Мындан мурда Ж.Нукеева Италиянын, Израилдин клиникаларында даарыланып келген.

“Жибектин абалы оор болууда. АКШнын, Израилдин лабораторияларына генетикалык-молекулярдык тесттер тапшырылган. Бул тесттер анын шишигин кичирейтүүгө кандай дарылар туура келерин аныкташы керек”, -деди А.Молдокматова.

Эскерте кетсек, Ж.Нукеева сөөктөгү рак шишиги менен жапа чегүүдө.Эми бирден бир жол – протондук терапиядан өтүү калды. Ак дил адамдардын жардамы менен Жибек Израилде даарыланып келген.

.

Пикир

Оставить комментарий