• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Учурда Кытай менен болгон импортко толук чектөө киргизилген – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айыл чарба жана өсүмдүк продукциялары аркылуу коронавирус илдети бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтпөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, ар кандай булактарда Кытайдан Кыргызстанга айыл чарба продукциялары менен аталган вирус кирди деген маалымат чындыкка дал келбейт.

"Вирус жашаш үчүн ага ыңгайлуу шарт керек. Андай шарттар жок болсо 10 мүнөттүн ичинде вирус өлүп калат. Айыл чарба продукциялары болсо андай шартты түзүп бере албайт. Бирок биз бардык тобокелчиликтерди карап жатабыз. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы лабораторияда Кытайдан келген продукциялардын курамында ГМО жана химиялык зыяндуу заттар бар же жок экендигин текшергенбиз. Бүгүнкү күндө продукциялар адамга зыян эмес деп айта алабыз", - дейт ал.

Департаменттин директору белгилегендей, Кытай тараптан жашылча-жемиш, жаңгак жана цитрус өсүмдүктөрү импорттолот.

"Кытай менен болгон чек ара 1-февралга чейин жабык. Эч кандай импорт болгон жок. 1-февралга чейин Кытай продукциясына толук чектөө киргизсек, биздин айыл чарба продукциясына кандай таасир тийгизиши мүмкүн, бул багытта анализ жүргүзүп жатабыз. Анализдин жыйынтыгы менен бир чечимге келебиз", - дейт билдирди Илич Марсбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий