• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурда өлкө аймагындагы таштандыларга каршы күрөшкө 127 экологиялык адис тартылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Азыркы учурда өлкө аймагындагы таштандыларга каршы күрөшкө 127 экологиялык адис тартылса, анын ичинде 15 адис Бишкек шаарында иш жүргүзөт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык инспекциянын өкүлү КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ошондон улам, депутат Дастан Бекешев жергиликтүү бийлик органдарына шаарды таштанды менен булгагандарды жоопкерчиликке тартып, айып салуу ыйгарым укугу берилсе, азыркы абал кайсы жагына өзгөрө турганына кызыкты. «Менимче, кайрадан экологиялык полиция түзүү зарыл», - деп кошумчалады ал.

Инспекциянын өкүлү ушу тапта ордо калаанын баардык райондорунда административдик комиссиялар иштеп жатканын, алар таштанды менен булгаган жарандардын ишин карай турганын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы миӊден ашуун мындай иш каралган.

Андан сырткары, депутат Өкмөттүн евро-5 классындагы күйүүчү майга өтүү боюнча көз карашына кызыкты. «Азыр айрым аткаминерлер евро-5 классындагы күйүүчү майга өтпөй койо туруу жөнүндө кайрылып жатат. Деги, Өкмөттүн өз пикири кандай?», - деген собол салды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов бул маселени Экономика министрлиги тейлей турганын билдирди. «Биз алардын пикирин суратканбыз. Алар жакында жооп беребиз дешти. Анткени, Евразия экономикалык бирлигинин техрегламенти боюнча комиссия жаӊы эле түзүлүптүр», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий