• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Учурда өлкө боюнча 2262 мектеп иштеп, анда 1 млн. 223 миң бала окуйт – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштейт, 1 млн 223 миң бала окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын базасына ылайык, иштеп жаткан мектептердин долбоордук кубаттуулугу 774 120 орунду түзөт.

Алардын ичинен 446 мектеп бир сменалык, 1657 мектеп – эки сменалык жана 159 мектепте ашыкча толушуна байланыштуу башталгыч мектептерде окутуу ийкемдүү иш тартибине ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан акыркы жылдары окуучулардын көбөйүшү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4,0%га, 2012 жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду.

Ошол эле учурда министрликте белгилегендей, ашыкча толуу көйгөйү көбүнчө миграцияга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринде байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий