• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Учурда өлкөдө 1 миң 592 киши обсервацияда жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Учурда өлкөдө 1 миң 592 киши обсервацияда жатат Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, оору чыккандан бери өлкөдө коронавируска 8 миң 186 текшерүү, бир күн ичинде 777 текшерүү жүргүзүлгөн.

"Өлкө боюнча ушул убакка чейин 5 миң 638 адам обсервацияга алынган. Алардын ичинин 3 миң 870 адам үй карантинине чыгарылган. Учурда обсервацияда 1 миң 592 киши жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий