• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда өлкөдө 46 миң 60 ПЧР-тест бар – өкмөт башчы

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда 46 миң 60 ПЧР-тест бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Жыйында ал, ушул күнгө чейин өлкөгө алынган экспресс-тест жана ПЧР-тесттер тууралуу маалымат берди.

"Бул күнгө чейин 123 миң 70 экспресс-тест алынган. Алар бюджеттин эсебинен жана эл аралык уюмдардын, жарандардын, ишкерлердин жардамы менен алынды. Анын 66 миң 818и колдонулду. Бүгүнкү күнү 56 миң 252 экспресс-тест бар. Жакын арада бул тесттерди сатып алуу планы турат. Ал тууралуу кечээ Коопсуздук кеңешинде да айтылды. Запаста турушу үчүн 100 миңге жакын экспресс-тест сатып алалы деп жатабыз. Ошондой эле жалпы 82 миң 53 ПЧР-тест алынган. 30-апрелге карата 46 миң 60 ПЧР-тест бар. 35 миң 993 тест колдонулду. ПЧР-тесттен кошумча алалы деп жатабыз. Бизде анын үч айлык запасы болушу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий