• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда медкызматкерлердин курч жетишсиздиги жок - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Учурда медициналык кызматкерлердин курч жетишсиздиги жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал Республикалык диагностикалык борбордун кызматкерлери үйлөрүнө жөнөтүлдүбү деген суроого жооп берип жатып, бул кырдаалды кошумча тактай тургандыгын билдирди.

“Бирок медиктердин арасында белгилүү бир тобокелдик топтор бар, алар кичинекей балдары бар кызматкерлер ж.б. Эгер алар кааласа эмгек өргүүсүн же болбосо акы төлөнбөгөн өргүү алса болот. Азыркы күндө медкызматкерлердин курч жетишсиздиги жок”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий