• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Учурда миңден ашык ыктыярчы өлкөдөгү бардык убактылуу эмдөө пункттарында иштөөдө

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Учурда миңден ашык ыктыярчы өлкөдөгү бардык убактылуу эмдөө пункттарында иштөөдө. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 пандемиясынын башынан бери Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары медициналык персоналга жана калкка жардам берүү боюнча активдүү иш алып барууда. Ыктыярчылар ыкчам чалуулар, кечиктирилгис жардам берүү, азык-түлүк жеткирүү жана башка маанилүү иштерде көмөк көрсөтүүдө.

Ошондой эле 2021-жылдын апрель айынын аягынан баштап ыктыярчылар калкка эмдөө жүрүп жаткан убактылуу эмдөө пункттарында нөөмөткө туруп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий