• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Учурда МКК кызмат көрсөтүү үчүн 170 күркө орнотту – Догоев

Коом 0


Бишкек, 06.09.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы каттоо кызматынын карамагына өтүүнүн алкагында Кыргызстандын 453 айыл аймактык почта бөлүмдөрүндө калкты каттоо боюнча атайын маалымат берүүчү күркөлөр ачылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) өлкө боюнча 170 почта бөлүмүн керектүү техникалык жабдыктар менен камсыз кылды.

“Күркөлөрдү жабдыктар менен камсыз кылууда каржы Япония тарабынан гранттык негизге бөлүндү. 5,6 млн АКШ долларын гранттык каражат катары бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга 2017-жылдын март айында кол коюлган. Ар бир күркө 427 бирдик техника менен жабдылат. Бүгүнкү күндө 170 күркө техника менен жабдылган, алар жакынкы күндөрү сыноо абалында өз ишин баштайт”,-деди ал. Анын айтымына караганда, аталган күркөлөр эки бөлүмдөн турат: фронт-бөлүмү - арыздарды каттоо жана бэк-бөлүмү – келип түшкөн арыздарды текшерүү.

Пикир

Оставить комментарий