• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Учурда обсервацияда 585 адам жатат. 2 миңден ашык адам үй карантинине чыгарылды – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Учурда обсервацияда 585 адам жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, 2 миң 14 киши үй карантинине чыгарылган. Акматова үй обсервациясына чыгарылгандар үй карантининин талаптарын аткарышы керектигин эскертип өттү.

"Үйгө карантинине чыгарылгандарга эрежелер түшүндүрүлгөн. Аларга өздүк гигиенаны сактоо керектиги айтылган. Эгер оорунун алгачкы белгилери байкалса жергиликтүү дарыгерге же "118", "112" номерлерине кайрылуу керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 22-марттан тарта Кыргызстанга чет жерден келгендердин баарынан анализ алынып, үч күндүк обсервацияга жаткырылат. Андан кийин оорунун белгилери жок учурда алар үй карантинине чыгарылат.

Кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий