• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурда РФнын аймагында 50дөн ашык ири кыргыз диаспоралары иш алып барат

Коом 0

Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын жалпы өнүгүүсү жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин, коомдордун ишмердүүлүгү тууралуу КРнын РФдагы элчигинен кыскача маалымат беришти.

Совет мезгилинде Россия аймагындагы жогорку окуу жайларда билим алуу менен, иштеп калып калган жарандар менен бирге 1990-жылдардын башынан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан жумушчу күч катары келген КРнын жарандарынын санынын көбөйүп жаткандыгы, жаңы келген эмгек мигранттардын Россия аймагында социалдык жактан көнүгүп, жергиликтүү коомго интеграцияланышын сабаттуу түрдө камсыздоо иштери чет өлкөлүк жарандар арасында атайын коомдордун, уюмдардын түзүлүшүнө түрткү болгон.

Бүгүнкү күнү Россия мурунку совет мезгилиндеги өлкөлөрдүн жарандарынын чоң агымын кабыл алуучу жумушчу күчтүн негизги импортеру болуп калууда.

Россия Федерациясында миграциялык агымдардын көрсөткүчүнүн туу чокусу болгон 2010-2013-жылдары Кыргызстандан 200-300 миңдей жаран эмгек мигранты катары Россия Федерациясынын аймагына киришкен.

Бүгүн жалпы РФнын аймагында 600 миңден ашуун КРнын жарандары убактылуу жашап, эмгектенишүүдө.

Россия Федерациясынын аймагында бүгүнкү күнү 50дөн ашуун ири кыргыз диаспоралык коомдук бирикмелер уюшулуп, иш алып барышууда.

Мындан сырткары, Россиянын ири шаарларында кесиптик белгилерине жараша дарыгерлер, мугалимдер, куруучулар студенттер ассоциациясы делип жүздөн ашуун коомдук уюмдар, ошондой эле облус, шаар, район, айыл боюнча аймактык принциптер менен да уюшулган чакан бирикмелер да түзүлүп, өз алдынча иш алып барышууда.

Россия Федерациясынын аймагында жалпы кыргыз диаспоралык уюмдардын башын бириктирип, ишмердүүлүктөрүн координациялоочу борборлоштурулган орган жок.

Коомдук уюмдардын уюштуруучулары, жетекчилери негизинен этникалык кыргыздар – Россиянын аймагында жашап жаткан Россия Федерациясынын жарандары, алар 40-35 жыл, айрымдары 10-15 жыл Россия аймагында иштеп, жашап, РФнын жарандыгына ээ болгондор.

Алгач көпчүлүк коомдук уюмдар РФнын жарандары – кыргыздар тарабынан жаңы келген мекендештерге РФнын эмгек рыногунда туура багыт алышына, жергилктүү коом менен тез арада интеграцияланышына, жергилктүү бийликтин эмгек миграциясына тиешелүү мыйзамдарын так, туура аткаруусуна (каттоого туруу, жумушка иштөөгө уруксат алуу (ЕАЭБне киргенге чейин), базарларда контейнер алуу, орун алуу, жумушка орношуу, жарандык алуу, жеке ишкердик мекеме ачуу үчүн тийиштүү документтерди тариздөө) көмөкчү катары түзүлгөн.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Россияда Борборlук Азия өлкөлөрүнүн ичинен (өзбек, тажик, казак, түркмөн элдерине караганда) кыргызстандык жарандар тарабынан уюштурулган коомдук уюмдар басымдуулук кылат.

Россия Федерациясынын аймагы боюнча Москва, Санкт-Петербург шаарларында, Москва, Самара, Чита, Челябинск, Воронеж, Тюмень, Ростов, Сахалин облустарында, Красноярск крайында, Татарстан Республикасында кыргыз диаспоралык уюмдарбир топ активдүү иш алып барышат.

Москва жана Москва облусунда 15 тен ашуун коомдук уюмдар жана аймактык принцип боюнча түзүлгөн 15 тен ашуун (“Алай”, “Аксы”, “Өзгөн”, “Мундуз”, “Каймос Ноокат”, “Сузак”, “Көк Жаңгак”, “Кара-Кулжа”, “Араван-Төө-моюн”, “Базар Коргон”, “Кадамжай”, “Кара Кулжа”, “Нарын-Теңир Тоо”, “Мекеним – Ысык-Көл”, “Кызыл-Булак”, “Кенжекул”, “Талас”, “Кадамжай” ж.б.)коом түзүлгөн. Булардын көпчүлүгү РФнын юстиция органдарында атайын каттоодон өткөн эмес, ишмердүүлүктөрү негизинен жердештерине жакындан жардам берүүгө багытталган, мисалы, каза болгон жердештеринин сөөгүн мекенине жөнөтүүдө, ооруканага түшүп, дагы бир башка себептер менен жардамга муктаж болгон мекендештерге материалдык жактан көмөк көрсөтүү, ар кандай спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү ж.б.

Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын жетекчилеринин, активисттеринин ишмердүүлүктөрүнүн негизги багыттары коомдук тейлөө, тамак-аш чөйрөсү, кичи жана орто ишкердик болуп саналат.

Коомдук уюмдардан башка Москва шаарындагы кыргызстандык жарандар арасында түзүлгөн Маданият борбору, “Москва кайрыктары”, “Аруу дүйнө” адабий клубдар таланттуу мекендештер арасында активдүү иштешет.

Жалпы коомдук маселелерден сырткары, кыз-келиндерге тиешелүү социалдык, медициналык, адеп-ахлактык маселелерди чечүү менен алектенген “Аруужан” фонду, “Айымдар KG” коому да мекендештер арасында жыйын, жолугушууларды өткөрүп, белгиленген маселелерди Элчилик менен биргеликте чечүү аракеттерин көрүшүүдө.

Россия аймагында өлкөбүздүн саясий-экономикалык тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, маданий жаңылыктар, ошондой эле Россияда миграция тармагындагы мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, Россияда туруунун, иштөөнүн жаңы эрежелери, кыргыз диаспораларынын, жалпы эле мекендештерибиздин ишмердүүлүктөрү, жетишкендиктери, айрым көйгөйлүү маселелер тууралуу маалыматтарды “Нур” жана “Мекен инфо” гезиттери, “Деловая аудитория” журналы чагылдырып турат.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында жалпы Россия жергесиндеги жана Москва шаары, Москва облусу боюнча кыргыз диаспоралык уюмдар, коомдор менен тыгыз иш алып барат. Күн тартибинде РФдагы мекендештерибиздин актуалдуу маселелери талкууланган жолугушуу, жыйындар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

2018-жылдын башынан бери КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Элчиликтин кызматкери катышкан 30дан ашуун жолугушуу, иш-чаралар өткөрүлгөн (2017-жылы – 45 жолугушуу, иш-чара), алардын ичинде Россия Федерациясынын аймактарында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештерибизди кыдыруу менен (Южно-Сахалинск, Екатеринбург, Новосибирск, Нижний-Новгород, Казань, Волгоград, Ростов-на-Дону, Самара, Сочи, Саранск, Калининград шаарлары) жолугушуулар өткөрүлгөн.

2017-2018-жылдары ичинде Москва шаарында кыргыз диаспора өкүлдөрү жана жалпы мекендештер менен өлкөбүздүн эң жогорку жетекчилигинин үч чоң жолугушуусу(2017-жылдын 21-июнунда КРнын Экс-Президенти А.Атамбаев менен, 2018-жылдын 30-сентябрында КРнын Премьер-министри С.Исаков жана 2018-жылдын 14-июнунда КРнын Президенти С.Жээнбеков менен) өткөрүлдү.

2018-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Москвага болгон сапарынын алкагында Москва облусу жана Москва шаарындагы кыргыз диаспора өкүлдөрү, активисттер менен жолугушуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө тиешелүү эмгек мигранттарын тынчсызданткан көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулашты.

Президент мекендештердин каалоолорун, сунуштарын угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда айрым мекендештер өлкөнүн экономикасы жана аймактарды өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты жана өздөрү кичи мекенин өнүктүрүүдө конкреттүү жардам көрсөтүп жатышканын белгилешти.

Ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого багытталган демилгелери жөнүндө айтып беришип, тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн маанисин белгилешти.

КРнын Президенти С. Жээнбеков өлкөнүн ЕАЭБге интеграциясына кирүү менен, эмгек мигранттары үчүн түзүлгөн жеңилдиктер, алардын укуктарын коргоо боюнча чараларга токтолду.

Президент мекендештердин Кыргызстандын аймактарын колдоо боюнча демилгелери колдоого алынаарлык экенин белгилөө менен коррупция менен күрөш улана турганын айтты.

Кыргыздын белгилүү жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүү алкагында Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюм тарабынан демилгеленип Москва шаарынын Өкмөтү тарабынан каржыланып жаткан иш-чараны өткөрүү боюнча сунушту угуп, Мамлекет башчысы мекендештерди Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине Кыргызстанда татыктуу көңүл буруларына ишендирди.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мекендештерге консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү менен бирге Элчилик кыргыз диаспоралык уюмдар, коомдор, ассоциациялар, адабий клубдар жана Кыргыз маданий борбору тарабынан уюштурулуп, өткөрүлгөн бардык иш-чара, маданий кече, мааракелерге үзгүлтүксүз катышып, коомдордун активист, уюштуруучуларын мындан аркы шыктандыруу алкагында Элчиликтин сыйлык, мактоо баракчалары менен сыйлоо да колго алынган.

Мындан сырткары, Россияда миграция тармагындагы мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, Россияда туруунун, иштөөнүн жаңы эрежелери, ошондой эле кыргыз диаспораларынын, жалпы эле мекендештерибиздин ишмердүүлүктөрү, жетишкендиктери, айрым көйгөйлүү маселелер тууралуу коомчулукка ачык жарыялоо максатында Элчилик тарабынан демилгеге алынып, КРнын жана РФнын ЖМКларында маалыматтар кеңири чагылдырылып, Элчиликтин расмий сайтында, социалдык түйүндөрдөгү Элчиликтин атайын баракчаларына материалдар байма-бай жарыяланып турат.

Пикир

Оставить комментарий