• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. 29-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолуу унаа жолу менен жол жүрүүнү мерчемдеп жаткан айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

- Гидрометереология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
- тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
- унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);
- аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Пикир

Оставить комментарий