• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17, 796 млрд куб метрди түзөт

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күнгө карата суунун көлөмү 17 млрд.796 млн. куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасында кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, “Электр станциялар” ишканасынын баардык объектери штаттык режимде иштеп жатат.

“Өткөн суткалар ичинде биздин ишканалар тарабынан 60 млн.773 миң кВт/с энергия иштелип чыккан. Анын ичинен Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан 6 млн.745 миң.кВт/с энергия иштелип чыккан. Ал эми борбордук ЖЭБи тарабынан 11 млн.200 миң.Гкал. жылуулук энергиясы иштелип чыкса, Ош шаарынын ЖЭБи 1 млн.200 миң.Гкал. иштеп чыккан”, - дейт ал.

Айдаралиева билдиргендей, бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд.796 млн.куб метрди түзөт.

“Электр ишканалары” ААКсы Кыргызстандагы негизги электр энергия жана жылуулук иштеп чыгарган ишкана болуп эсептелет. Жылына өлкөдө 12-14 млрд.кВт/с.электр энергия өндүрүлөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий