• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учурда Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын жараны калууда - Ниязалиев

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Азыркы учурда Украинанын аймагында Кыргызстандын 50гө жакын жараны калууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ал жактагы жарандар менен туруктуу байланышта.

“2022-жылдын октябрь айына карата алардын арасында жабыркаган же каза болгондор жок. Эгер Кыргызстанга кайтабыз дегендер болсо элчилик тарабынан көмөк көрсөтүлөт”, - деди ал.

Ниязалиев белгилегендей, Украинанын аймагындагы аскердик аракеттерге байланыштуу 744 кыргызстандыкка көмөк көрсөтүлүп, алардын ичинен 551 жаран Кыргызстанга алып келинди.

Пикир

Оставить комментарий