• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Учурдагы абалдын өлкөнүн макроэкономикасына тийгизген таасирлери. Тизме

Экономика 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Азыркы кырдаалдагы абал Кыргызстандын экономикасына бир катар макроэкономикалык тобокелчиликтерди алып келет. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар: - тышкы суроо-талаптарды кыскартат, негизги соода өнөктөш-өлкөлөр менен сооданын шарттарын оордотот;

- эмгек мигранттарынын инвестициясынын жана акча каражаттарынын агымынын кыскарышы (акыркы керектөөчүгө чыгымдардын суммасы жана дүң жыйноо) менен шартталган экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу ички суроо-талапты кыскартат;

- калктын кирешесинин кыскартылышы;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгын көбөйтөт;

- коронавируска каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды көбөйтөт;

- убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон ишкерлерди жана чарба субъектилерин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу чыгымдарын көбөйтөт;

- калктын аярлуу катмарына (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) максаттуу жардам берүүгө чыгымдарды көбөйтөт;

- экономиканы турукташтырууга чыгымдарды көбөйтөт;

- инфляциянын деңгээлин көтөрүлүшүнөн жана баалардын кымбатташынын тобокелчилиги. Ошондой эле өлкө ичиндеги кээ бир аймактарга киргизилген өзгөчө кырдаалды жана экономикага тышкы факторлордун таасирин эске алуу менен, Экономика министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө жараша ар кандай сценарийлерди иштеп чыкты:

- пайдалануунун кыскарышын 5,5 пайыздык пунктка, импорт – 11,7%га, экспорт – 4,5%га, дүң инвестиция – 3,6%га кыскарышы байкалууда.

- КРнын мигранттарынын акча каражаттарынын которулушу жана алардын кээ бир бөлүгүнүн КРге кайтып келиши;

- физикалык жактардын акча каражаттарынын которулушу же таза агымынын (сальдо) 14%га кыскарышы ( 2020-жылдын январында 112,7 млн АКШ долларын түзгөн).

Пикир

Оставить комментарий