• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Учурдагы Конституция партиялык система Кыргызстанда орной электигин көрсөттү – Койчуманова

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Учурдагы Конституция партиялык система Кыргызстанда орной электигин көрсөттү. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова бүгүн Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, азыркы Баш мыйзамдын оң жагы, ал Кыргызстандагы партиялык система али орной электигин көрсөттү.

“2010-жылы парламенттик республиканы куруу ураандарына жамынып, бизди адаштырышты. Алар жеке мени алдап кетишти, анткени иш жүзүндө бул парламенттик-президенттик башкаруу формасы болчу. Себеби президент аябай күчтүү болчу. Бардык ыйгарым укуктар премьер-министрге өткөнүн айтышты. Иш жүзүндө, эл тарабынан шайланган президенттин жана парламенттин макамы дагы эле жогору. Ал эми премьер-министрге өтө чоң ыйгарым укуктар берилди деп бардык көйгөйлөр жана жоопкерчилик ага жүктөгөн. Ар дайым премьер-министр күнөөлүү болуп чыккан”, - деди ал.

Койчуманова 2010-жылы чындыгында күчтүү партиялар болгонун айтат.

“Мисалы, КСДП абдан күчтүү партия. Бул партиядан эки президент чыккан. Ата-Мекен партиясы дагы абдан күчтүү оппозициялык партия болгон. Бирок аларга күчтүү ыйгарым укуктар берилген, бирок өз жүгүн көтөрө алышкан жок. Алар азыр кайда? КСДП партиясы эмне болду? Парламенттик башкарууну куруу үчүн 2-3 күчтүү партия керек, тилекке каршы, бүгүнкү күндө андай партиялар жок”, - деди Койчуманова.

Пикир

Оставить комментарий