• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурдагы Конституция өзгөртүлгөн жок, Баш мыйзамдын жаңы долбоору жазылууда – Бөрүбашев

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Учурдагы Конституция өзгөртүлгөн жок, Баш мыйзамдын жаңы долбоору жазылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизилген жок.

"Андыктан Баш мыйзамды өзгөртүп жатыптыр, ага каршы турабыз деген жарандарга эч чочулабаңыздар деп айтат элем. Азыркы долбоор 2010-жылкы Конституцияга альтернатива катары гана иштелип жатат", - дейт ал.

Бөрүбашев кошумчалагандай, эл парламенттик башкаруу формасын тандап алса, учурда иштеп жаткан Конституция кала берет.

"Учурдагы Баш мыйзамда кемчиликтер бар. Эл парламенттик башкарууну тандап алса, учурдагы Баш мыйзамды да жаңыртыш керек", - деди Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий