• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин ишмердигин координациялоо кеңеши түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Учурда өлкөдө түзүзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен эмгек жамааты чукул жыйын өткөрүп, министрликтин ишмердигин координациялоо кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, координациялоо кеңеши министрликтин ишмердигин жүргүзүү менен кызматкерлердин коопсуздугун жана министрликтин мүлкүн сактап калуу, ошондой эле айыл чарба тармагы боюнча иштерди жүргүзүүнү координациялоо милдети жүктөлдү.

Координациялык кеңеш 11 кишиден түзүлүп, кеңештин төрагасы болуп Нурланбек Кожогулов дайындалды.

Координациялык кеңеш министрликтин үзгүлтүксүз иштеши үчүн аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий