• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Учуу убактысы 3,5 саат. Красноярсктан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди, ал эми Красноярскиге 78 адам учуп кетти.

Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.

Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Россия" авиакомпаниясы аткарат.

Пикир

Оставить комментарий