• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УЕФА Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынан тарта видео кайталоо системасын колдоно баштайт

Спорт 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Европанын футбол башкармалыгы (UEFA) Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынан (2019-жылдын февралынан) тарта видео кайталоо (VAR) системасын колдоно баштайт.

УЕФАнын аткаруу комитети Дублинде отурум өткөрүп, калыстарга видеожардам системасын (VAR) Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынан тарта колдонууну чечкен.

Мындай чечим акыркы айларда калыстар окутулуп, бул ыкманын ийгиликтүү сыналышынан кийин кабыл алынган.

Ошондой эле УЕФАнын аткаруу комитети VAR системасын 2019-жылдагы УЕФАнын Европа лигасынын финалында, Улуттар лигасынын финалдык баскычында жана Жаштар ЕВРО-2019 мелдешинин финалдык баскычында колдонуу боюнча чечим чыгарган.

Аткаруу комитетинин сентябрь айындагы отурумунда чечилгендей VAR Чемпиондор лигасынын 2019/20 1/8 финалынан тарта, 2019-жылдагы Стамбулдагы УЕФАнын Суперкубогунда иштетилет.

Андан тышкары УЕФА VAR системасын ЕВРО-2020 финалдык баскычында, УЕФАнын Европа лигасы-2020/21 (тайпалык оюндардан баштап), 2021-жылдагы Улуттар лигасынын финалдык баскычында колдонууну көздөөдө.

УЕФАнын президенти Александер Чеферин: "Биз VAR системасын белгиленген мөөнөттөн мурун баштоого даярбыз. Ал калыстарга жардам берип, туура эмес чечимдердин санын азайтууга мүмкүндүк түзүп, жарыш үчүн пайдалуу болоруна ишенем", – деген пикирде.

Пикир

Оставить комментарий