• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УЕФАнын суперкубогун "Бавария" командасы жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. УЕФАнын суперкубогу үчүн "Бавария" менен "Севилья" командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Пушкаш Арена" стадионунда өткөн оюнда "Бавария" клубу атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды. Оюн башталганда эле "Севильянын" оюнчусу Лукас Окампос гол киргизди. Ал эми беттештин 34-мүнөтүндө германиялык клубдун футболчусу Леон Горецка гол жаратканга жетишти.

Оюндун кошулуп берилген убактысында, 104-мүнөтүндө "Бавариянын" оюнчусу Хавьер Мартинес өзүнүн командасына жеңиш алып келген голду киргизди. Эсеп 2:1

Белгилей кетсек, "Бавария" клубу өзүнүн тарыхында экинчи ирет УЕФАнын суперкубогун жеңди.

Пикир

Оставить комментарий