• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

UFC 213: Шевченко менен Нуньестин таймашы 8-июлда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 7-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин таймашы Лас Вегас шаарында эртең, 8-июлда өтөт. Бул тууралууMMA Fighting” маалымдады.

Белгилүү болгондой, Аманда Нуньес жеңил салмактар арасындагы чемпиондук титулун сактап калууга беттешет. Алардын беттеши “UFC 213” турниринин башкы таймашы болот. Эки балбан “UFC 196” турниринин алкагында өткөн жылдын март айында беттешип, анда жеңишти Нуньес камсыз кылган.

Эскерте кетсек, Шевченко UFC рейтингиндеги экинчи турган Джулиана Пеньяны (8-3) экинчи раундда жеңип, жеңиш сериясын эки таймашка чейин узарта алган.

Өткөн жылдын июлунда Шевченко мурдагы чемпион, америкалык Холли Холмду калыстардын бирдей чечими менен жеңип чыккан.

Ал эми Нуньес чемпион титулун өткөн жылдын июнь айында ал кездеги чемпион Миша Тейтти биринчи раундда жеңгени үчүн тагынган.

Декабрда Нуньес UFC чемпиону америкалык Ронд Раузини 48 секундда накаутка кетирүү менен титулду сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий