• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

UFC Валентина Шевченко жана Кыргызстан тууралуу видеоролик тартты

Спорт 0


Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Валентина Шевченко жана Тайла Сантостун беттешинин алдында UFC Шевченко жана Кыргызстан тууралуу видеоролик тартты. Роликти UFC Russia уюму YouTube баракчасына жүктөгөн.

UFC 275 беттеши 12-июнда Сингапурдагы Singapore Indoor стадионунда өтөт. Анын алкагында UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен бразилиялык Байла Сантостун беттеши болот.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы курун алты ирет коргогон.

Пикир

Оставить комментарий