• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

UFC чемпион наамы: Шевченко менен Енджейчиктин беттешине саналуу күндөр калды

Спорт 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко UFCнин рейтингинде биринчи орунду ээлеп келет.

Лас-Вегас жана Австралияда өткөн эки турнирдин жыйынтыгы менен мекеменин сайтында 3-декабрь күнү жаңыланган рейтинг жайгаштырылган. Ошол рейтингде эң жеңил салмактагы спортчулардын тизмесинин сап башында Шевченко турат.

Бирок аталган рейтингде ким башчы боло тургандыгы 2018-жылдын 8-декабрь күнү Торонтодо (Канада) өтө турган UFC 231 турнирин жыйынтыгында белгилүү болот. Эң жеңил салмактагы чемпион наамы үчүн кыргызстандык Валентина Шевченко Полшалык спортчу Джоанна Енджейчик менен беттешет.

Енджейчик минималдуу салмакта биринчиликти ээлеп келет.

Эскерте кетсек, мекеменин расмий сайтында Шевченконун машыгуулары кандай өтүп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий