• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

UFC чемпиону Валентина Шевченко ОшМУга барды

Аймак 0

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 13-декабрда ОшМУда жаштар менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Спортчуну машыктыруучусу Павел Федотов жана анын апасы коштоп келди.

Күйөрмандар менен болгон жолугушууда жеке жашоосу, спорттогу ийгиликтери, алдыдагы максаттары боюнча ой бөлүшүп, суроолорго жооп берди. Ал жаштарды мекенди сүйүүгө, өлкөнү өнүктүрүүгө, алдыга койгон максатка жетүүгө талбай аракет жасоого чакырды. Мыкты суроо берген жаштарга мээлей белек кылды.

Спортчуга Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУга даңк” медалы тапшырылды.

Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасында эң жеңил салмактагы алты жолку чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий