• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

UFC: Хабиб Нурмагомедовго тогуз айга беттешке чыгууга тыюу салынды

Спорт 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедовго тогуз ай беттешке чыгууга тыюу салынды. Мындай чечимди Невада штатынын атлетикалык комиссиясы (NSAC) кабыл алды.

Дисквалификациядан тышкары Нурмагомедов айып иретинде 500 миң доллар төлөйт.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор дагы 6 айга беттешерден четтелип, 50 миң доллар айып пул төлөйт, деп жазат Sports.ru.

Эске салсак, 2018-жылдын 6-октябрында Лас-Вегас шаарында Хабиб Нурмагомедов UFC'нин чемпиондук титулу үчүн беттеште Конор Макгрегорду жеңип алган.

Беттештин соңунда Нурмагомедов октагондон чыгып, атаандаш тарап менен мушташа кеткен. Бул жаңжалга катышкан башка адамдар - Хабибдин тарапташтары Зубайр Тухугов жана Абубакар Нурмагомедов - бир жылга дисквалификация алып, 25 миң доллар айып пул төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий