• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

UFC: Конор Макгрегор кайрадан ММА кайтып келгенин билдирди

Спорт 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча спортко кайра кайтып келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

26-мартта Макгрегор карьерасы аяктагандыгын билдирген, бирок тогуз күндөн кийин октагонго кайтып келгенин айтууда.

"Мен ар түрдүү конфессиядагы жана улуттагы күйөрмандарым менен чогуу алдыга жылгым келет. Ар бир дин адамды өзүн-өзү өркүндөтүүгө чакырат. Бул дүйнө баардыгы үчүн жаралган! Октагондон көрүшкөнчө", - деп жазган Twitter'деги аккаунтунда.

Эске салсак, Макгрегор UFC'нин эки салмагында чемпион болгон.

Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасында 25 беттеш өткөрүп, алардын ичинен 21 жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип калган.

UFC'деги акыркы беттешин ал 2018-жылы октябрь айында өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий