• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

UFC мушкери Шевченко: Октагонго чыгып 100% күчүмдү жумшайм, беттешти мөөнөтүнөн мурда жеңгим келет

Спорт 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко Кристина «Сайборг» Жустино менен болгон машыгуулар тууралуу айтып, алдыдагы Йоанна Еджейчик экөөнүн ортосундагы беттешти мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө камынып жатканын билдирди.

Валентина Шевченко менен Йоанна Эджейчик UFC 231 мелдешинде эң жеңил салмак боюнча чемпион наамына ат салышат. Бул беттеш 8-декабрда Онтариодо (Канада) өтөөрүн mmaboxing.ru жазат.

“Биз Крис менен бирге машыктык. Биздин каада-салтыбыз окшош экен, экөөбүз тең мушкерлик жолубузду баштаганыбызга көп болду. Биз бул тармакта аял кишинин таймашка чыгууга мүмкүндүк алуусу кандай кыйын болгонун, азыркы жетишкендиктерге жетүүбүз үчүн кандай кыйын жолду басканыбызды түшүнөбүз”, - деди Шевченко.

“Мен октагондо 100% күчүмдү жумшайм. Беттештин жыйынтыгын калыстардын чечимине калтырбаганга максат коюп жатам. Мен мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетким келет”, - деп белгиледи Валентина Шевченко.

Пикир

Оставить комментарий