• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

UFC:Шевченко менен Нуньестин таймашы 9-сентябрга жылды

Спорт 0

Бишкек, 10-июль/ Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык спортчу Аманда Нуньес 9-сентябрда өтө турган UFC 215де таймашышы мүмкүн. Бул тууралуу UFC президенти Дэйн Уайт билдирди.

Дэйн Уайт Шевченко менен Нуньестин беттеши болбой калганынын себебин айтып берди.

“Нуньес таймаштын алдында өзүн жакшы сезбей жатканын айтты. Биз ошол себептен беттешти жылдырдык. Медкызматкери аны толугу менен текшерип, ал таймашка чейинки иш чараларга катышкан. Бирок эртеси ал өзүн жакшы сезбей жатканын айтып, бейтапканага кайтарганбыз. Ал беттешкиси келбей жатканын айтты. Аманда таймашка чейин доктурлардын уруксаты менен чыккан. Бардыгы жакшы болчу. Бирок ал өзүн жаман сезип жатканын айткан болчу”,-деди Дэйн Уайт.

Мурдараак UFC 213 алкагындагы Шевченко менен Нуньестин беттеши болбой калганы белгилүү болгон. Ага бразилиялык спортчунун бейтапканага жатып калганы себеп болгон. Шевченко менен Нуньес 61 кг салмагында аялдар арасындагы чемпиондук титулду талашышмак. Беттеш Лас-Вегаста өтүп, негизги таймаштардын бири болмок.

Өз кезегинде Шевченко өзүнүнInstagram” баракчасына аталган таймаштын болбой калышын Аманданын туура салмак куубагандыгы менен түшүндүргөн.

“Мен бүгүн таймашка 100% даярмын. Үч ай аралыгындагы даярдануумда колумдан келгендин баарын жасадым. Нуньес салмакты туура куубаганы үчүн бейтапканага жатып калды. Ал салмагын тез арада калыбына келтирем деп ойлогон. Жыйынтыгында бир нерсе туура эмес кеткен. Медициналык комиссия аны беттешке коё берген болчу. Бирок ал баары бир мушташуудан баш тартты. Мындай болуп калганы өкүнүчтүү, мен бүгүн титулга таймаша албай калдым. Өзгөчө бул беттешти күтүп жүргөн менин колдоочуларымдын астында ыңгайсыз болуп жатам”,-деп жазат Валентина Шевченко.

Пикир

Оставить комментарий