• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

UFC Шевченко менен Аманданын беттешинин проморолигин жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 14.08.17 /Кабар/. UFC өзүнүн “фейсбук” баракчасында кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин беттешинин проморолигин жарыялады.

Эки спортчунун беттеши ушул жылдын 9-сентябрында Канадада өтөт. Бул таймаш UFC 215тин алкагында болот.

Ошондой эле, жеңил салмактагы спортчулардын арасынан чемпиондук титулга Деметриус Джонсон менен Рэй Борг, ал эми оор салмактагылардын арасынан Джуниор Дос Сантос жана Фрэнсис Нганну, жеңил салмактагы аялдардын арасынан Шевченко менен Нуньес беттешет.

Эскерте кетсек, 9-июлдагы Шевченко менен Нуньестин ортосундагы таймаш болбой калган. Ага Нуньестин ооруканага жатып калганы себеп болгон.

2016-жылдын 6-мартында Шевченко Нуньеске жеңилип берген, андан кийин кыргызстандык спортчу Холли Холм жана Джулианна Пеньюну утуп, чемпиондук титулга күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий