• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC уюмунун президенти Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандаштарын атады

Спорт 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов беттешүүнү каалап жаткан канадалык Жорж Сен-Пьер менен кандай шартта таймашка чыгаарын Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дэйна Уайт айтып берди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Канадалык мушкер ушул жылдын башында өзүнүн карьерасы менен коштошконун билдирген. Бирок, кийинчирээк Нурмагомедов үчүн кайра октаганго келүүгө даярдыгын айткан.

"Хабиб алгач Тони Фергюсон менен таймашышы керек. Эгер Хабиб жеңишке жетсе, анда Жорж Сен-Пьер менен беттеш уюштуруу абдан жакшы болмок", - дейт Уайт.

Мурунку жума Нурмагомедов анын кийинки таймашы Россияда өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле, анын атасы жана машыктыруучусу Хабибдин беттешин Россиядагы шаарлардын биринде уюштуруунун үстүндө иштеп жатканын айтып чыгышкан.

Эскерте кетсек, жеңил салмактагы россиялык мушкер 8-сентябрда Абу-Даби шаарында өткөн турнирде америкалык Дастип Порьени жеңип, чемпиондук курун сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий