• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

UFC уюмунун президенти Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши өз убагында өтөрүн билдирди

Спорт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши жылдырылган мелдештерге карабастан өз убагында өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Буга чейин беттеш Нью-Йорк шаарында өтмөк. Бирок шаардын бийлиги коронавирустун айынан 500 адамдан жогору чогула турган иш-чараларга тыюу салган.

Мурунку жума Уайт эки мушкердин беттешин өткөрүүгө башка жер табарын билдирген. Ошондой эле бир катар ЖМКлар UFC уюмунун үч мелдеши (21-март, 28-март жана 11-апрель) жылдырылганын жазып чыгышкан.

"Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши пландалгандай 18-апрелде өтөт. Кандай болсо да уюштурабыз, көрүүчүлөрсүз, мүмкүн АКШдан сырткары бир жерде болот", - дейт UFC уюмунун президенти.

Пикир

Оставить комментарий