• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

UFC уюмунун президенти Валентина Шевченконун кийинки атаандашын атады

Спорт 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. UFC уюмунун президентти Дана Уайт Валентина Шевченконун кийинки атаандашын атады. Бул тууралуу Sport.ru басылмасы жазат.

Лас-Вегаста 22-ноябрь күнү UFC мелдешинде кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калган. Шевченко бразилиялык Женнифер Майя менен беттешип, беттеш 5 раундга созулган. Беттештин жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш Шевченкого берилди.

"Менин оюмча, Жессика Андраде менен Валентина Шевченконун беттеши абдан кызыктуу болот. Шевченко өзүнүн карьерасында күчтүү атаандаш менен таймашкан деңгээлге келди. Жессика Андраде ушундай атаандаш экендигин баарыбыз билебиз. Бул Шевченко үчүн чыныгы көйгөй болот", - деди Дана Уайт.

Эскерте кетсек, Андраде 18-октябрда болгон беттеште Кэтлин Чукагянды жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий