• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

UFC: Валентина Шевченко кайра Йоанна Енджейчик менен беттешүүнү каалабайт

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченкого кайра польшалык Йоанна Енджейчик менен беттешүүнү каалабайт.

"Менин Енджейчик башка атаандаштарым көп, ал эми Енджейчик 125 фунт категориясына кайра кайтуусун сунуштайт. Мен алдыга умтулуп, алдыга кетишим керек", - дейт Шевченко.

"Мен баардыгына дайыма айтам "Мен – профессионалдуу мушкермин. Мен баардыгы менен мушташууга даярмын. Ал беттеш ким менен жана кайсыл жерде болбосун, мен ага даярмын. Мен абдан күчтүү адаммын жана менин мүнөзүм күчтүү. Эгер бир нерсе туура эмес кетсе, мен машыгып, кайра келип, мага таандык нерсени алып кетем. Мен көп жылдар бою аралаш мушташ чеберчилигинде жүрүп, учурда эң мыкты уюмдардын биринде беттештерге чыгып келем. Поясты утуп алуу мен үчүн бийиктиктин туу чокусуна чыгууну түшүндүрчү. Мен дайыма ушул жерде болгум келип жүрчү жана мен азыр ошого жеттим. Мен үчүн бул бир гана башталышы", - деди Шевченко.

Эске салсак, Валентина Шевченко таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC 231 мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болду. Ал UFC уюмунун эң жеңил салмактагы ( 57 кг) чемпиондук титулу үчүн польшалык Йоанна Енджейчикти жеңген.

Пикир

Оставить комментарий