• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

UFC Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттеш алдындагы трейлерин жарыялады

Спорт 0


Бишкек, 15.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. UFC уюму кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассонун беттеш алдындагы трейлерин жарыялады.

Эки мушкер 5-майда Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгат. Бул кармашта Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргойт.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Сингапурдагы UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.

Жеңишинен кийин Валентина Шевченко Бишкекке учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий