• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

UFC: Жонни Уокер атаандашын 36 секундда жеңип, сүйүнгөнүнөн акырегин оорутуп алды – видео

Спорт 0


Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Бразилиялык мушкер Жонни Уокер UFC 235 турниринде өзүнүн атаандашын 36 секундда жеңип, сүйүнүп жатып акырегин чыгарып алды. Бул тууралуу fightnews.info кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү Американын Лас-Вегас шаарында UFC 235 турнири өттү. Жонни Уокер атаандашы Миша Циркуновду беттеш башталары менен тизеси менен башка тебип, нокаутка кетирген. Жалпысынан беттеш 36 секунд уланган.

Калыс жеңишти токтоткондон кийин, жеңишине сүйүнгөн Уокер столбага окшоп кулап, акырегин катуу оорутуп алды.

Эске салсак, акыркы үч беттешинде Жонни Уокер атаандаштарын жалпысынан бир минутага жетпей жеңип алган. Буга чейинки беттешинде Уокер атаандашын 15 секундада жеңген.

Видео: UFC Europe

Пикир

Оставить комментарий