• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Угуусу начар спортчулар арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда угуусу начар спортчулар арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын курама командалары катышты. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана кубок тапшырылды.

Биринчи орунду “Россия 1” командасы, экинчи орунду “Россия 2” командасы жана “Өзбекстан 1” командасы үчүнчү орунду ээледи.

1. “Мыкты оюнчу” – Кирилл Торопов (Россия 1);
2. “Мыкты дарбазачы” – Зулунов Хуршуд (Өзбекстан 1);
3. “Мыкты чабуулчу” – Темир Турсунов (Өзбекстан 1);
4. “Мыкты коргоочу” – Руслан Шынышбек (Казакстан).

Белгилей кетсек, аталган мелдеш “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда 15-ноябрь күнү старт алган.

Пикир

Оставить комментарий