• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УИА академиги Какин Сулайманкулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Сулайманкулов Какин Сулайманкулович дүйнө салды.

Какин Сулайманкулович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” сыйлыгынын ээси болгон.

УИАнын жалпы эмгек жамааты көрүнүктүү илимпоздун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий