• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УИА президентин шайлоо жол-жоболору менен тартиби кайрадан такталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыкты. Ошондон улам, анын иш-милдеттери жана милдеттери беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Мисалы, мыйзам долбоору аркылуу КР Өкмөтүн КР Улуттук илимдер академиясынын түзүүчүсү катары саноо сунушталууда. Мындай түзөтүүлөр мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтөт жана илимий ишмердүүлүккө мамлекеттен каржы бөлүүдө, бул чөйрөдө коррупциянын тамыр жаюусуна көмөкчү боло турган жагдайларды четтеттүүгө шарт түзөт.

Андан тышкары, УИАнын президенти 70 жаш курактан жогору эмес анык мүчөлөрдүн жана корреспондент-мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайланып, ал талапкер КР Премьер-министри тарабынан бекитилет жана бошотулат. Бир эле адам УИА президентинин кызматына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар УИА президентинин жаш курагынын чегин чектебөө, аны академиктердин арасынан гана шайлоо зарылдыгын, УИАда илимий ачылыштар, келечектүү иштер жасалганы менен, аларды колдонуу жагы аксап жатканын, аны Өкмөт менен биргелешип чечүү керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий