• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УИАда Кыргызстандын тарыхынын 3 томдугу жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту тарабынан «Кыргызстандын тарыхы» китебинин 3 томдугу басылып чыкты. Китептерге байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый процесстер киргизилген. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынын билдирди.

I томдо байыркы мезгилден – XVII к. чейинки Кыргызстандагы алгачкы коомдук түзүлүштүн, эрте көчмөндөр менен алгачкы мамлекеттердин, орто кылымдардагы Кыргыз каганатынын жана Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн саясий, чарбалык-экономикалык жана маданий тарыхына байланышкан маалыматтар камтылган. Анда Кыргызстандын тарыхнаамасы менен булактары кеңири чагылдырылган.

Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев аталган эмгектер тууралуу айтып жатып: «3 томдук негизинен 2013-2016-жылдары иш жүзүнө ашырылган. Биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көрүп жатат. Андагы тарыхый материалдарга жана окуяларга объективдүү баа берилген. Эмгектин кыргыз тарыхындагы мааниси абдан чоң», - деди.

Ал эми II томдо кыргыз элинин XVII-XIX кылымдардагы тарыхы чагылдырылган. Социалдык-экономикалык, саясий, эл-аралык мамилелерге байланыштуу негизги маселелер изилдөөгө алынган. Эмгекте көрсөтүлгөн хронологиялык алкакка мүнөздүү болгон элдин салттуу маданий жана руханий мурастарынын негизги элементтери берилген.

Ошондой эле Кыргызстандын XX к. – XXI к. башындагы саясий, социалдык-экономикалык, маданий, руханий абалы III томго кирди. Анда эгемендүүлүктү алгандан кийинки коомдогу өзгөрүүлөр, өлкөнүн эл аралык аренадагы орду жана башка маселелер кеңири баяндалат.

«Китептеги окуялардын баяндалышы тарыхый-мезгилдештирүү ирээтинде берилип, белгиленген доорлордогу тарыхый процесстер камтылды. Байыркы жана орто кылымдардагы тарыхты изилдөөдөгү жаңы табылгаларга, маалыматтарга жана көз караштарга басым жасаганга жана тарыхый окуяларды илимий негизде туура чагылдырганга аракет жасалды»,- деди тарых илимдеринин доктору А.Джуманалиев.

Аталган китептер УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун илимпоздорунан жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан түзүлгөн коллектив тарабынан даярдалып, 500 даана нускада басылып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий