• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Рахматулин-Ормонбеков окуулары” өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Бишкекте “Рахматулин-Ормонбеков окуулары” Эл аралык илимий конференциясы бешинчи жолу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу УИА басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, иш-чаранын максаты өлкөнүн дүйнөлүк илимий коомчулуктагы интеграциясы үчүн жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат.

Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев салтанаттуу түрдө ачып берип, белгилүү окумуштуу, УИАнын академиги Кубанычбек Жумалиев алып барууда.

Конференциянын жүрүшүндө пленардык отурумдарга орун берилип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен чет элдик көрүнүктүү илимпоздор докладдарын окушат.

УИАнын Ж.Жеенбаев атындагы Физико-техникалык маселелер жана материал таануу институту уюштуруп, Россия илимдер академиясынын П.Ширшов атындагы Океанология институту, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик Техникалык университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университети, Эл аралык Инновациялык технологиялар университетинин, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Толкундуу жана газ динамикасы Кафедрасы жана Х. Рахматулин жана Т.Ормонбеков атындагы Эл аралык илимий фонду катышууда.

Пикир

Оставить комментарий