• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Уйкунун бузулушуна алып келген азыктар айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар уйкусуздукка алып келет. Мындай чечимге Колумбия университетинин алдындагы Дарыгерлер жана хирургдар колледжинин изилдөөчүлөрү келгенин MedicalXpress басылмасы жазат.

Изилдөөчүлөр постменопаузадагы 50 миң аялдын тамактануусун карап чыгышкан. Жыйынтыгында кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет. Ал өз учурунда уйкусуздукка алып келет.

Адистер белгилегендей, организм кандагы канттын көлөмүн азайтуу үчүн инсулинди бөлүп чыгарат. Инсулин гормондордун анын ичинен кортизол жана адреналиндин пайда болушун шарттайт. Мындай учурда адамдан уйку кача баштайт.

Окумуштуулар уйкуга оң таасир этүүчү мөмө жана жашылча жемиштерди колдонууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий