• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Уюмдарда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Экономика 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Юридикалык жактарда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн бир жума калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга 3000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий